1. Программалык аккредитация

Д-10[1]           

инвентар[1]

регламент[1]

тех.паспорт[1]

Тарификация

Мектеп күбөлүк

Мамлеккеттик АКТ

Класс комплекти окуучулардын саны

Сабактын жүгүрмөсү (1)

Класс комплекти окуучулардын саны

 

 

 

         1.Киришүү

1.1Аккредитациялануучу программалардын тизмеси Негизги жалпы

билим берүү программалары

1.2 Аккредитациялануучу билим берүү программасы боюнча кыскача маалымат.

Мектеп билим берүү процессин  жалпы негизги билим беруу программаларынын деңгээлдерине ылайык мектептик билим берүүнүн үч баскычында жүргүзөт:

— жалпы башталгыч билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү- 4 жыл);

-негизги жалпы  билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү- 5 жыл);

-орто жалпы билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү – 2 жыл)

— даярдоо класстарына 480 сааттык «Наристе» программасы

окутулат;

 

1.3 Билим берүү уюмунун миссиясы:«Ата-энелер коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыр коомдун талабына ылайыктуу, жашоодо оз  ордун таба билген ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо»

 

1.4 Билим берүү уюмундагы жетекчинин аты-жөнү жана байланыш маалыматтары.Абсаматова Нургул Ахматалиевна

Байланыш телефону: 0505882204

 

1.5 Билим уюмунун буга чейинки аккредитация жөнүндө маалымат.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын18-апрелиндеги №433/1буйругунун негизинде мектеп аккредитациядан өткөн
Мектептин дареги:Кыргыз Республикасы,

Чүй областы,Чүй району, Кара-Дөбө  айылы Совет  көчөсү  №  3.

Электрондук  дареги: к[email protected]

 

 

 

  1. Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база

 

 

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
1.БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ
1.1Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын,базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсүҮ. Жумабаев атындагы Кара-Дөбө орто мектебинин  окуу планы  КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 28-майындагы №869/1 » Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 2021/2022- окуу жылы үчүн базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө» буйругунун, базистик окуу планы  түзүлгөн.2022-2023- окуу жылындагы мектеп компоненти кызыкдар тараптардын сунушу менен 5-классында 1саат кыргыз тили , 8-классында 1 саат математика сабагына берилген.Мектептин планы, предметтер боюнча окуу программалары,календарлык- тематикалык пландар усулдук бирикмелерде каралып макулдашылып, №1 педкеңешменин чечими менен директор тарабынан бекитилген.

Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү. Билим берүү программалары инсандын жалпы маданиятын калыптандырууга жана коом турмушуна ыңгайлашуусуна жана өздөштүрүүнүн пайдубалын түптөөгө багытталган. Мектепте жалпы билим берүү программаларынын төмөндөгүдөй түрлөрү менен иш алып барылат.
— Башталгыч жалпы билим берүү;
— Негизги жалпы билим берүү;
— Орто жалпы билим берүү;
Билим берүү программалары окуп жаткандардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүтөрүн эске алуу менен күндүзгү ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды үйүндө окутуунун мектептик билим берүү формаларында өздөштүрүлөт. Билми берүү уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жарым жартылай же толук көлөмдө билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн пандемия шартында дистанциялык билим берүү технологиясын колдоно алат. Окутуунун расмий жана эл аралык тилдердин бирин үйрөнүшү үчүн шарттарды түзөт. Мектептеги билим берүү процесси билим берүү уюмунун уставы аркылуу жүргүзүлөт. Мектептик билим берүү тутумунун негизги звеносу болуп саналат жана 3 баскычты камтыйт.
— Жалпы башталгыч — 1-4-класстарды
— Жалпы негизги — 5-9- класстарды
— Орто жалпы -10-11- класстарды.
Окуу планынын жана программалардын билим берүү , базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү мамлекеттик билим берүү стандарты менен жөнгө салынат.

Окуу планы окуучулардын жалпы ишмердүүлүгүнүн деңгээли алардын мектепте толук күн болорун эсепке алганда оптималдуу:

а) инсандын мотивациялык керектөөчүлүк чөйрөсүнүн, психикалык таанып-билүүчүлүк процесстердин өсүшүнө өбөлгө түзөт.

б) окуу-тарбия комплексинин өнүгүү программасына дал келет.

в) башка компоненттер менен бирге толук күндөгү мектептин билим берүү жана тарбия берүүчү чөйрөсүн калыптандырат, ошону менен бирге ата-энелердин (кызыкдар тарап) талаптарына жооп бере алат. Окуу беш күндүк мөөнөт менен жүргүзүлөт.Сабактар 2 сменада өтөт. Сабактардын узактыгы 45 мүнөттү түзөт. Толук күндүү окуу процессин жүргүзгөн мектеп катары, сабактан кийинки убактарда окуучулардын кызыгуусу боюнча эстетикалык, спорттук кружок жана секциялар иштейт.

Мектеп уставы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/ustav.pdf

 

Окуу планы 2022-2023-жж

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/bazistik-okuu-plan.pdf

 

КТП жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/ktp-zhobo.pdf

 

Календарлык тематикалык пландар

1-клаас

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhetigenova-gulnara-1-klass-1.pdf

2-класс

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/arstanbek-k-n-2-klass-1.pdf

3-класс

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/toktonalieva-k-3-klass.pdf

4-класс

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/4-kl.-ktp.-zhany.pdf

англис тили

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/anglis-til.pdf

геометрия

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/geometiriya.pdf

физика

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/fizika_ktp1-1.pdf

тарых

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/taryh-1.pdf

орус тили

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/usupbekova-sh-5-11-klass-orus-adabiyat.pdf

орус адабияты

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/usupbekova-sh-5-22-klass-orus-tili.pdf

орус тил 1-4 кл

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/yuzupova-n-1-5-klass-orus-tili.pdf

Биология

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/biologiya-kalendardyk-plan.pdf

Дин тануу сабагы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kalendardyk_plan_dindin_taryhy_9_klass_2022_2023_055416_-_kopiya1.pdf

География

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/geografiya-1.pdf

Адам жана коом

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/karaldy-adam-zhana-komm.pdf

Информатика

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/informatika-2022-2023-zh.pdf

Кыргыз адабияты

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kyrgyz-adabiya-cholponbaeva.pdf

кыргыз тили

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kyrgyz-til-cholponbaeva-n.pdf

математика

 

 

1.2Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрдүн ылайык келүүсүМектептин окуу-методикалык камсыздоосу окуу жылынын башында КР БбИМ тарабынан 5-августу 2022-ж. № 29 «Кут билим» газетасындагы сунуш кылынган  мугалимдердин август кеңешмесине карата Методикалык сунуштар, методикалык колдонмолор.«Кут билим» газетасы 4- сентябрь 2020-ж.№28 сунуш кылынган окуу китептеринин тизмеси. КР Өкмөтүнүн 2014- жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген Мамлекеттик билим берүү стандарттар жана предметтик стандарттардын  негизинде ишке ашырылган.                                Окуу жылынын башында мугалимдер окуу- методикалык камсыздоону методикалык бирикмелердин, методикалык кеңешмелердин иштеринде талкуулап, бекиттирип окуу жылында окуу- тарбия процессинде ишке ашырып келишет. Мектепте окуу- методикалык камсыздоо кызыктар тараптардын керектөөлөрүн эске алуунун негизинде түзүлгөн.Окуу планы 3 жыл

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/bazistik-okuu-plan.pdf

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/tarifikatsiya_11.pdf

Стандарт

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/bilim-beruu-standarty-1.pdf

Кут билим окуу китептеринин тизмеси

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/perechen_uchebnikov1.pdf

Окуу китептерин берүү журналы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhurnal_kitepkana1.pdf

Окуу китептерин алуу боюнча табыштама

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/okuu_kitepteri_boyuncha_tabyshtama1.pdf

1.3Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине,анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушуМектепте 197 окуучу окуйт.Окутуу   кыргыз тилинде  жүргүзүлөт.Китепкананын фонду – 4256  экземпляр китепти түзөт.

Алардан:

Окуу китептеринин саны -1448

Көркөм адабият китептер – 1300

Методикалык китептер — 380

Мектеп боюнча окуу китептери менен камсыз болушу   88% түзөт.

Класстар боюнча окуу  китептери  менен камсыз болушу төмөндөгүдөй:

1-класс – 80%, 2-класс –90%, 3-класс -100%, 4-класс-100%,         5-класс-100%, 6-класс-100 %,7- класс-90%,8-класс -95%, 9-класс-100%, 10-класс 100%, 11-класс 90%

Мектеп администрациясынын ата- энелер менен сүйлөшүүнүн  натыйжасында окуучуларга предметтер боюнча жетпеген окуу китептерин ата- энелер(мыйзамдуу өкүлдөр)сатып беришет, ошондой эле өз учурунда окуу китептерге табыштамалар берилип турат.

Китепкананын иш планы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/dokument-microsoft-office-word.pdf

Маниторинг

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kitepkanalar-zhonundo-maalymat.pdf

Д-10

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/d-101.pdf

Китепканадагы делолордун номенклатурасы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/kitepkana-nomenklatura-1.pdf

Мектеп китепканасы жөнүндө жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhobo-kitepkana.pdf

Китеп инвентары

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/inventarizatsiya_11.pdf

 

1.4Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун  мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн,керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушуМектептин окуу программаларынын жана окуу- методикалык камсыздоонунун негизги компоненттеринин бири маалыматтык коопсуздукту камсыздоо. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоодо маалыматтын жеткиликтүүлүгү, конфиденциалдуулугу болуп саналат.Билим берүү программаларын маалыматтык коопсуздуктан камсыздоо чарасы интернет булактарын коопсуз пайдалануу көйгөйү бар.Администрация тарабынан мугалимдерге маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча  билим берүү программалары менен иштөөгө багытталган семинар-тренингдер, вебинарлар өткөрүлгөн жана төмөнкү сайттар: https://www.bb.edu.gov.kg,oku.edu.gov.kg,ibilim.kg,kitep.edu.gov.kg сунушталган.

Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, жана канаттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо кызыкдар тараптардын өз ара таасир этүүнүн планындагы концепцияларына ылайык укуктук нормативдик базасы менен камсыз болот жана андагы көрсөтүлгөн механизмдер менен ишке ашат. Кызыкдар тараптар болуп КРББиМ, финансы министрлиги, мугалимдер ата-энелер, окуучулар, коомчулук,  өнүктүрүүчү өнөктөштөр эсептелет.
Маалыматты чогултуу жана баалоо менен мурунку жылдын планын аткарылган ишердин отчетторун кызыкдар тараптар менен анализдеп келээрки жылга оңдоп түзөөлөрдү киргизип милдеттер аныкталат. Ар бир маалыматтын соц тармактарда, веб сайттарда, электрондук күндөлүктөрдө, мамлекеттик аттестациялоо жоболорунда конфеденциялдуулук камсыз кылынат. Тиешелүү адамдар гана базага кире алышат. Окуучулардын майыптуугу, ден соолугунун квалификациялары жайылтылып айтылбайт. Маалымат менен камсыздоо каражаттары болуп:  ата-эне чогулуштары (жылына 2 жолу), социалдык кызматтар (фейсбук, инстаграмм баракчалары, мектеп сайты \ВАТСАПП группалары) эсептелинет

 

Маалымат коопсуздугу жөнүндө жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/maalymat-koopsuzdugu-zhobo.pdf

Ишеним почтасы жөнүндө жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/ishenim-pochtasy-zhobo-1.pdf

Мектептин сайты жөнүндө жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/sayt-zhobo.pdf

Соц баракчалар

https://zhumabaev.mektebim.kg/kontakty_kg/#:~:text=https%3A//zhumabaev.mektebim.kg/

 

Күчтүү жактар:Мониторингдер өз убагында жүргүзүлөт. Окуу жылынын жыйынтыгы менен ар бир аткарылган иштердин, иш чаралардын натыйжасы талкууланып күчтүү жана алсыз жактары аныкталып, чечимдер кабыл алынат жана милдеттер коюлат. Ар бир чечимдердин өз убагында аткарылышы көзөмөлгө алынат.

Окуу программалары окуу-тарбия процессинде үзгүлтүксүз ишке ашырылып жана жыйынтыктарынын чыгарылгандыгы. Методикалык колдонмолордун электрондук варианттары менен мугалимдердин  камсыз болушу. Кызыктар тараптардын маалыматтык коопсуздук боюнча түшүнүктөрүнүн болушу.

Алсыз жактар:Айрым предметтер боюнча окуу программалары менен окуу китептеринин темалары, мазмундарынын дал келбегендиги. Китепкана фондунда предметтер боюнча окуу китептери менен окуучулар жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо,окуу китептердин камсыздалышынын жетишсиздиги. 

 

 

 

Сунуштар:1.      Мектеп администрациялары билим берүү уюмун укуктукчөйрөдө ишти камсыз кылуучу ички локалдык актылар менен камсыз кылуу практикасын улантуусу зарыл.

2.      Мектеп администрациялары окуунун деңгээлин жана билим сапатын жогорулатууга багытталган административдик башкаруунун деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.

3.      Мектеп администрациясы мугалимдердин жана окуучулардын чыгармачылык демилгелерин өнүктүрүү боюнча иштерди улантып, аларды долбоорлоо, илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүккө, класстык системага активдүүрөөк киргизүүсү керек.

4.      Мектеп администрациясы кызматкерлердин жана окуучулардын жүрүм-турумунун этикалык стандарттарын сактоо, билим берүү жана инсандык баалуулуктарды, окуучулардын маданий көп түрдүүлүгүн колдогон уюштуруу маданиятын калыптандыруу боюнча иштерди улантышы керек.5.      Мектеп администрациясы мектепте коопсуз шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат.6.      Мектеп администрациясы мектептин сапатын жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын мониторингин жүргүзүү практикасын улантууда.

 

 

 

 

2.КОМПЕТЕНТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО
2.1 Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушуМугалимдер сабактын күндүк пландарын жазууда максаттарды окуучунун позициясында коё билишет. Предметтик мугалимдер Мамлекттик жана предметтик стандартка ылайык кесиптик чөйрөсүнө ылайык төмөнкү компетенттүүлүктөрдү негиз катары сабактарында пайданалып жатышат. Алар:

1) Маалыматтык компетенттүүлүк — өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык.

2) Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк — өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык, өз көз карашын позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) баалуулуктарына урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу коргоп калуу.

3) Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү — маалыматта, окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.

 ОТИ завучунун планы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/obb-ish-plany.pdf

ТИ завучунун планы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/tarbiyalyk_plan__2022-2023-okuu_zhyly1.pdf

Соц педагогдун иш планы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/sots-zhyldyk-plan-2023.pdf

Мамлекеттик билим берүү стандарты

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/bilim-beruu-standarty-1.pdf

Предметтик стандарт

адам жана коом

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/adam-zhana-koom.pdf

биология

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/biologiya.pdf

география

 

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/geografiya.pdf

информатика

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/informatika.pdf

кыргыз адабият

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kyrgyz-adabiyat.pdf

кыргыз тили
https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kyrgyz-tili.pdf

музыка

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/muzyka.pdf

табият тануу

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/tabiyat-taanuu.pdf

тарых

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/taryh.pdf

физика

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/fizika.pdf

химия

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/himiya.pdf

Күнүмдүк пландар

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/pov-plan-23-1.pdf

 

 

 

2.2 Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды  жана методдорду колдонууМКТ ишке киргизүү максатында мектебибизде тиешелүү шарттар түзүлгөнг жалпы 20 мугалимдин бардыгы тең МКТ сабактарында туруктуу колдонушат. Мектептин информатика, математика, кыргыз тил, башталгыч класс  кабинеттери интерактивдүү доскалар, проекторлор, компьютерлер  менен жабдылган жана интернет желесине кошулган.. Андан сырткары, эки окуу кабинетинде проекторлар бар. Сабактарды интерактивдүү ыкмада, эффективдүү өтүү максатында интернет желеси туташтырылган. МКТ компетенттүүлүктөрүнө ээ мугалимдердин ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, мектепте мугалимдер үчүн курстар жана семинарлар уюштурулуп турат. МКТ технологияларын ишке киргизүү багытында мугалимдерге методикалык жардам катары төмөнкү темадагы семинарлар өтүлгөн: “Ебираде электрондук журналы менен иштөө”, “GOOGLE сервис продукцияларын колдонуу”“ МКТ каражаттары жана алар менен иштөө жолдору”. Мугалимдердин сабактары “Перезентация сабактары” анимация, сүрөт, видео-материал, карта жана схемаларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Электрондук түрдө түзүлгөн (үлгү катары) сабактарды мектеп мугалимдери өзгөртүү киргизип колдоно алат. 20 мугалимдин ичинен 9 мугалим атайын компютер курсун окуп сертификаттарга ээ болушкан. 

Ачык сабактар

физика

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/fizika-1.pdf

англис тили

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/anglis-til-1.pdf

4- класс

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kyrgyz_tili1.pdf

3-класс

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/achyk-sabak-3-klass.pdf
Фин чилистен

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/fin-chilisten-1.pdf

 

2.3 Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушуСабактарда кайтарым байланыш механизми боюнча мугалимге  окутуу процессинин өтүп жаткандыгы, ар бир окуучунун жетишкендиктери жөнүндө маалымат берет.Сабактарда кайтарым байланышта төмөнкү механизмдер колдонулат:

класстер, синквейн, суроо-жооп, Блумдун таксономиясы, метаплан, Т-схемасы,  Рафт,Рейс мээге «Керемет окуу боюнча  стратегияларды ,чабуул методдору менен жүргүзүлөт.Кайтарым байланыш сабактын максаттарына жетүүсүнө багытталган конкреттүү ишмердүүлүк, мугалимдин сабак берүүдөгү методикасын көрүү, күчтүү,алсыз жактарын талкулоо сунуштоо менен окутуу процесси жөнгө салынат.

Кайтарым байланыш тесттер  жыйнагы,текшеруу иштер,  жат жазуу, эссе  аркылуу  жүргүзүлөт.Башталгыч класстарынын ата- энелери кайтарым байланыш берүүгө катышып, окутуу процессин жакшыртууга жардам берип турушат.

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/akyrky-3-zhyldyk-monitoring.pdf

 

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/k-nd-l-k-tolturuu-zhobosu.pdf

Дептер текшерүү жобосу

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/depter-teksheruu.pdf

 

2.4 Билим берүү стандартынын  талаптарына ылайык  окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу.Мектепте билимди баалоо системасы, билим берүү системасынын стандартташтырылган жетишкендиктерин ар кандай сыноолорду пайдалануу менен бирге бааланат. Ошондой эле ички жана тышкы баалоонун жыйынтыгынын мониторинг жана көзөмөлүнөн турат. Окуучулардын билимин баалоону жүргүзүү стандарт боюнча жүргүзүлөт. Мектепте окуучулардын жыйынтыктоочу баалоосу чейректик, жарым жылдык, жылдык болуп бааланат. Атайын иштелип чыккан эрежелерге ылайык жүргүзүлөт жана баалоо критерийлерине карата жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат. Окуучулардын билимин баалоо мугалимдер тарабынан, мектеп директору бекитикен “ Окуучуларынын билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн баалоонун нормалары” жобосунун негизинде ишке ашырылат. 9-11-класстарда баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, билим берүү жана окуу стандартын аткаруу менен мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынын негизинде ишке ашырылат. Мектептеги баалоо система маселеси окуу процессинде маанилүү роль ойнойт. Семинарларда, тренингдерде баалоо маселеси каралып, окуучулардын окуу жетишкендиктерин ички жана тышкы баалоонун максаттары жана милдеттери, мүмкүнчүлүктөрү ачылат. Баалоо системасынын ачык-айкындуулугу үчүн күндөлүк колдонулат. Сабактарда кыска туташуулардын мониторинги көзөмөлдөнөт. Ар бир кварталдын жана окуу жылынын аягында жаңыланып турган маалыматтык стендге жайгаштырылат. Окуучулардын билим сапатын балоо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/okuuchulardyn-bilim-sapatyn-baloo-zh-n-nd-zhobo.pdf

Жазуу иштеринин анализи

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhazuu-ishter.pdf

Мониторинг

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhazuu-ishter.pdf

Күндөлүктөрдү текшерүү

 

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kundoluk.pdf

өздүк делолорду текшерүү

 

2.5 Окуучуларга баалоонун  колдонулуучу эрежелери,жол-жоболору жана жыйынтыктары,ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушуМектептин ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана өзгөрүүлөр, баалардын коюулушу боюнча маалыматты өз убагында ата-энелерге жана окуучуларга жеткирүү класстык сааттар, ата-энелер чогулуштары, социалдык тармактар жана электрондук журнал аркылуу жүргүзүлөт. Мектептин электрондук баракчасы көпчүлүк социалдык тармактарда бар жана алар аркылуу мектептеги жаңылыктар чагылдырылып турат (инстагарамм, фейсбук, едупж). Окуучулардын жетишкендиктерин баалоодо жана жыйынтыктоо аттестациясын, окуучуларды класстан-класска көчүрүү экзамендерин өткөрүү мезгилинде, мугалимдерден турган апелляциялык комиссия курамы директордун буйругунун негизинде бекитилет. Апелляциялык комиссиянын курамына окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, предметтик мугалимдер кирет. Окуучулар алган баасына макул болбогон учурда апелляциялык коммисия кайрадан билим деңгээлин текшерип, жыйынтыгын чыгарат.ЖМА жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/ubaktyluu-zhobo-zhma.pdf

ЖМА мониторинг 3- жылдык

 

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhma1.pdf

ЖРТ жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhma1.pdf

ЖРТ план

 

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/16759605497821.jpg

Апелациялык жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/apelitsiyalyk-zhobo.pdf

 

 

2.6 Коопсуз,өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо,билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонууМектепте гигиеналык-санитардык  шарттарды түзүү,экологиялык коопсуздук (таза суу,туура тамактануу, жарыктандыруу, ыңгайлуу температура,туура желдетүү, жашылдандыруу);                                                                                                      физикалык коопсуздук (коопсуз имарат,өзгөчө кырдаал учурундагы коопсуздук окуу үчүн жабдуулар);                                                                                                  социалдык коопсуздук (укугунун чектелбеши,зордук- зомбулуктун жоктугун камсыздоо),толеранттуу атмосфераны түзүү, мектептин кызматкерлеринин, окуучулардын ден соолугуна кам көрүү иштери колго алынган.жана мектептин Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планына киргизилген.Окуу жылынын башында бардык мугалимдерге, тех.персоналдарга, жана окуучуларга өрт коопсуздугу, техникалык коопсуздук эрежелери, жол эрежелери тууралуу инструктаж өткөрүлүп, журналдарга кол коюлат. Мектепте: окуу кабинеттеринде, китепканада, фаеде, ашкана  жана мектеп террриториясында бардык санитардык-гигеналык эрежелер сакталган. Окуу кабинеттерин жарыктандыруу, класстардын жасалгалары (аянты, өңү), окуу мебелдери, жылуулук температурасы белгиленген нормаларга ылайык келет. Мектеп ашканасындагы инвентарлар, тамак ичүүдө колдонулган идиш-аяктар, тазалык маселелери жолго салынып, милдеттүү талаптарды аткарат. Окуучулардын тартип бузуу, бири-бирине үстөмдүк кылуу иштерин алдын-алуу жана көзөмөлдөө үчүн танапис мезгилеринде күнүмдүк нөөмөтчү мугалимдер жооптуу болушат. Мектептин ден-соолукту чыңдоочу спорт аянтчасы, спорт залы бар. Мектеп парламенти жана класс жетекчилер Бул иш-чаралардын негизги максаты окуучулардын өз ара аралашуусуна, командалык иштөөнү өнүктүрүүгө, денсоолугун чыңдоого багытталган жана спорттук иш-чаралар жыл бою бекитилген план боюнча ырааттуу түрдө өткөрүлөт. Класс жетекчилер окуучулар менен жеке көрүшүү, топтук аңгемелешүү аркылуу окуучларга психологиялык колдоо көрсөтүп турушат. Ал эми класс жетекчилер ар убакта окуучулар менен иштөө боюнча семинарларга катышып турушат.Физикалык коопсуздук чөйрө

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/fizikalyk-choyro.pdf

Коопсуздук журнал

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/koopsuzduk-zhana-tehnika-erezheleri.pdf

Антитеррордук паспорт

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/16759962494041.jpg

 

2.7 Ички жана тышкы баалоонун,системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасыИчки жана тышкы баалоо системалуу түрдө жүргүзүлөт жана мониторингдери жарыяланат:

-ЖМА нын анализи (3 жылдык)

— окутулган сабактардын анализи (3 жылдык)

-ЖРТ нын анализи (5 жылдык)

ЖРТ

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhrt.pdf

ЖМА

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhma.pdf

Билим сапаты

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/akyrky-3-zhyldyk-monitoring.pdf

Олимпада

 

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/olimpiada-3-zhyldyk.doc

 

 

2.8 Кызыктар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушуМектепте кызыкдар жактардын кайрылуулары, сунуштары жана арыздары боюнча иш Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.Окуучулардын, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөр) арыздарын жана даттанууларды карап чыгып жана иш алып баруу үчүн “Ишеним кутучасы”, ишеним телефондору иштейт. Түшкөн маалыматтарга, арыздарга анализ жүргүзүү үчүн атайын топ түзүлгөн. Бул топко директор, директордун тарбия иши боюнча орун басарынан турган атайын топ кирет. “Ишеним кутучасына” түшкөн маалыматтар боюнча ар жуманын акырында анализ жүргүзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Суроолор менен кайрылган ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп класс жетекчиси, директордун орун басарлары тарабынан көйгөйүн туура чечүү үчүн иш алып барылатСайт мектеп

https://zhumabaev.mektebim.kg/kontakty_kg/#:~:text=%C2%A0https%3A//zhumabaev.mektebim.kg/

Ишенип почтасы сурот

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/ishenim_sandygy1.pdf

Даттануу жана сунуш китеби

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/dattanuu_zhana_sunush1.pdf

 

Күчтүү жактар:1.       Окутуучулардын ишине ата-энелер, окуучулар тарабынан баа берилип турушу

2.        Жалпы мугалимдердин МКТ каражаттарын колдоно алуулары

3.       Электрондук мектептин  жардамы аркылуу ачык-айкын баалоо системасынын болушу

4.        Жылдан-жылга ЖРТнын орточо көрсөткүчүнүн жогорулоосу

5.       Начар өздөштүргөн, шыктуу окуучулар менен системалуу иш алып баруу

Алсыз жактар:1.      Районук, областтык олимпиадалардын жыйынтыктардын төмөн көрсөткүчтүгү
Сунуштар:1.      Курстук  кайра даярдоо аркылуу мугалимдердин чыгармачылык менен иштөөсүнө жана кесиптик чеберчилигинин өсүшүнө шарттарды түзүү, усулдук кабинетти, сабактарды даярдоо үчүн мугалимдер бөлмөсүн түзүү, мектеп китепканасынын аянтын кеңейтүү, окуучулар үчүн окуу залы жана мугалимдер.2.      Мектеп мугалимдеринин иш тажрыйбасын үйрөнүү жана жалпылоо.3.      Жаш адистерди тартуу боюнча иштерди активдештирүү, ЖӨБ органдары аркылуу жаш адистердин иштөөсү үчүн шарттарды түзүү.

 

 

 

 

 

 

 

Өзүн-өзү баалоо критерийлери Өзүн-өзү баалоо жыйынтыгы Далил базасы 
3. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ
3.1Педагогикалык кадрлардын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына ылайык келишиМектепте 20 педагогикалык кызматкер эмгектенет, адистиктери боюнча сабактар берилет жана сапаттык курамы төмөндөгүдөй:

жогорку билимдүү –17 мугалим.

Магистр: — 1                                                                 Атайын орто билимдуу-2мугалим.

Кыргыз тили мугалими — 3

Орус тил мугалими -2

Англис тили мугалими — 1

Математика,  —                1                                                                                        физика мугалими — 2

Химия, биология             -1

География,-1                                                                                                  тарых мугалими – 1

Башталгыч класстын мугалими- 4                                                     Даярдоо классынын мугалими -1

Дене тарбия мугалими-1

Сыйлыктар боюнча:

— Билим берүүнүн отличниги — 7

— Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы – 8

-Чүй областык билим берүү бөлүмүнүн грамотасы -1

-Чүй-Токмок  билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы -11

Мугалимдердин педстажы:

—          0-5жыл – 4

—          5-10 жыл –6

—          10-15 жыл -2

—          15 жылдан жогору -7, анын ичинен

пенсияга курагындагылар-6

Мугалимдер предметтерди адистиги боюнча беришет

1.      Штатное расписание
https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/shtattyk-zhugurtmo.pdfСандык сапаттык курамhttps://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/sandyk-sapattyk-kuram.pdf
3.2Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуучу механизмдин жана жол-жоболордун болушу, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын ортосундагы мамилелерге баа берүү, анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алууКР «Билим берүү жөнүндөгү»мыйзамдарынын 30, 32-беренелери, «Мугалимдин статусу жөнундөгү» 17,18- беренелери, «Балдар жөнүндөгү кодекси» 4,5- беренелери, мектептин Уставынын негизинде билим берүү процессинин катышуучуларынын физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыздоо,өз ара мамилелерин баалоо иштери жүргүзүлөт.Мектептин физикалык коопсуздугун жүргүзүүчү техникалык паспорт жана жер участогунун актысы болуп саналат.Окуу жылынын биринчи жумасында техникалык-коопсуздук, санитардык-гигениалык эрежелери боюнча инструктаждар өтүлөт. Коноктордун чыгып кирүүсү боюнча көзөмөл кызматы иш алып барат. Конокторду мектеп имаратына киргизүү тиешелүү жетекчилердин макулдугу менен ишке ашырылат. Окуучулардын мектепке кирүү, чыгуусун көзөмөлдөө “Өтмөк тартибин уюштуруу” Жобосу боюнча ишке ашырылат. Окуучулардын өз ара мамилелерин кароодо тарбия завучу, класс жетекчилер тыгыз байланышта иштешет. Ар түрдүү маселелер боюнча педагогикалык кеңеш, мүдүр алдындагы кеңеш, тартип комиссиясы, аппеляция комиссиясы иш алып барат жана өз чечимдерин чыгарат. Окуучулардын социалдык, үй-бүлөөлүк абалы боюнча окуу жылынын башында класс жетекчиси тарабынан сабак берген мугалимдерге педконсилиум өткөрүлөт. Педконсилиум окуучу менен мугалимдин иш алып баруусун жеңилдетет. Ата-эне, мугалим, окуучулардын анкетасы сабактардагы жетишкендиктери тууралуу ата-энелерине кабар берилип турат. Мугалим жана окуучулардын өз ара мамилелерин баалоо боюнча чейрек сайын окуучулардан анкета алынап турат. Анкетанын жыйынтыгы анализденип, тиешелүү иштер (аңгемелешүү, мугалим-окуучу-ата-эне баарлашуусу, метод башчылары, окуу бөлүм башчысы тарабынан сабактарга катышуу) жүргүзүлөт. Тарбия жаатында маселе болгон окуучулардын ата-энелери мектепке чакырылып, айрым учурларда ата-эненин үйүнө зыяратка баруу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.Тех паспорт

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/teh.pasport1.pdf

Кызматтык инструкция

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kyzmattyk-instruktsiya-1.pdf

Ата энелер токтомдору

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/ata_eneler_toktom1.pdf

Биргелишкен план

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/birgeleshken_plan_2022-20231.docx

 

 

3.3Квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатуу, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушуПедагогикалык кадрлардын кесиптик билимин жогорулатуу иштери мектепте түзүлгөн  план-графиги боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Мугалимдердин  кесиптик билимин жогорулатуу 5 жыл сайын КР БбИМнин алдындагы квалификациясын жогорулатуу жана РИПКнан курстарынан өтүп келишет.Мугалимдер  5 жылда бир жолу  квалификациясын жогорулатуу курстарынан отуу боюнча план-график бекиген.Быйылкы окуу жылына 4 мугалим планга киргизилген. Алардын баары өтүштү. Мектептин методикалык темасына ылайык ар бир мугалим өзүнүн кесиптик өнүгүү пландарын иштеп чыгышкан. Мектепте 3 методикалык бирикме иштейт. Метод бирикмелеринин жылдык планы бекитилген. Жума сайын метод башчылары жана окуу-иштери боюнча директордун орун басары менен биргеликте жыйналыш өткөрүлүп, мугалимдердин сабак өтүүсү, методикалык семинарларды пландоо боюнча кеңешме өткөрүлөт. Өз ара сабакка катышуу системалуу жүргүзүлөт (жумасына ар бир мугалим өз бирикмесиндеги мугалимдин сабагына катышуу педагогикалык кеңеш тарабынан жактырылган). Метод башчылары менен биргеликте сабакка анализ жүргүзүү планы иштелип чыгып, окуу бөлүм башчысы сабагынан сабактын структурасы жана анализ жүргүзүү боюнча семинар өткөрүлгөн. Жыл ичинде “Жылдын мыкты мугалими”, “Мыкты жумалык” сынактары өткөрүлүп,стимул катары мектеп тарабынан сыйлыктар ыйгарылып турат. О.э. предметтик олимпиада жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдерге да сыйлыктар көрсөтүлгөн. Мектепте мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга толук шарт түзүлгөн. Жумушка кабыл алууда кесипкөйлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү өз ишине болгон мамилесине байкоо жүргүзүү максатында сыноо мөөнөтү берилет, жылдын аягында ишмердүүлүгүнө баа берилип, келишим узартылат же токтотулат.

 

1.      педсоветтин жобосу
https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/ped-keneshtin-zhobosu-1.pdf3. Насаатчылык жөнүндө жобоhttps://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/nasaatchylyk-zh-n-nd-zhob1.pdf4.      Жаш адис, насаатчы тууралуу маалымат.

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/zhash-adis-naasatchy.pdf

 

 

5. Жаш адистер менен иштөө планы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/nasaatchylyk-zhyldyk-plan-perizat.pdf

 

5.      Мугалимдердин квалификациясын көтөрүү жөнүндө 5 жылдык маалымат

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kao-1.pdf

6.      Сүрөт

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/aida-001.jpg

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/bermet-002.jpg

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/gulnara-001.jpg

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kaliman-001.jpg

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/nazgul-001.jpg

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/nazima-001.jpg

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/nurgul-001.jpg

 

Күчтүү жактары: Мектептин педагогикалык жамааты график боюнча өз квалификациясын жогорулатып турушат. Семинарлар, тренингдер, квалификацияны жогорулатуу курстары тынымсыз өткөрүлүп, тажрыйба алмашып турат.  Коопсуз чөйрө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Коопсуздук чөйрөсүн түзүүдө ата-эне, мугалим жана окуучунун тыгыз иштешүүсү.
Алсыз жактары: Психологиялык коопсуздукту толук камсыз кылуу механизмдерин куруу зарылчылыгы, мектепте штаттык психологго муктаждык. Мектеп ичинде видео көзөмөлдүн жоктугу
Сунуштар: Мугалимдердин алдыңкы тажрыйбасын алмашуу, жалпылоо жана жайылтуу боюнча иштерди улантуу. -педагогдордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу жана квалификациясын жогорулатуу системасынын иштеши үчүн шарттарды түзүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4. ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ
Өзүн-өзү баалоо критерийлери Өзүн-өзү баалоо жыйынтыгы Далил базасы 
4.1Окуу процессинин катышуучулары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган класстар, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт залы) болушуМектеп 1963-жылы салынып ишке берилген. Проекттик кубаттуулугу 90 орундук, азыркы учурда мектепте 197 окуучу окуйт. Мектеп типтүү эмес.

Мектеп 1 кабаттуу, 1 корпустан турат. 10 окуу бөлмөсү, 3 администрация бөлмөлөрү, 1 китеп кана б, 1 компьютердик класс, 1 ашкана жана 1 спорт залы бар. Бардык бөлмөлөр зарыл эмеректер менен жабдылган. Бардыгы санпиндин нормативдик документтердин талаптарына жооп берет. Физика, химия, биология кабинеттеринде лабораториялар жок. Бардык жайлар, анын ичинде спорт залы, ашканасы окуу процессинин катышуучулары үчүн дайыма жеткиликтүү.

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/01/mamlekkettik-akt.pdf

МТБ планы

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/mekteptin-matrialdyk-tehnikalyk-bazasyn-chy-doo.pdf

Мектеп инвентар

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/inventar1.pdf

кабинеттердин суроту

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/kabinet_surottor1.doc

 

 

4.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздук талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелери)Мектептин   окуу- тарбия процессинин жүрүшүнө шарттар  түзүлгөн жана техникалык  коопсуздуктун эрежелерин сактоо  менен талаптарына ылайык иш алынып барылат.КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11- апрелиндеги № 201 токтомунун  “Жалпы билим берүү уюмдарында окутууну уюштуруу жана санитардык эпидемиологиялык  шарт түзүү талаптары” токтомунун санитардык- эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу максатында окуучулардын ден соолуктарын сактоого багытталган жана  окуу имаратынын аймагына, жайгашуусу, жабдылышы,аба- жылуулук режими, жарыктандыруу,суу менен камсыз кылуу жана канализация, билим берүү процессинин режими,окуучуларды жана мектептин кызматкерлерин медициналык кароодон өткөрүү, мектептин санитардык абалы жана аларды күтүү, башталгыч класстарында тамактанууну уюштуруу боюнча иштер жүрүп турат.

Мектепте билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптары сакталган жана тиешелүү органдар менен тыгыз байланыш түзүлгөн. Гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча: окуу жылынын башында мугалимдер, техперсоналдар, ашкана кызматкерлери медициналык кароодон өтүп, медициналык китепчеси талапка ылайык толтурулгандан соң гана кызматка кирише алышат. Мекеменин медициналык кызматкери күнүмдүк гигиеналык эрежелердин сакталылыш белгиленген иш тартиби боюнча ар дайым көзөмөлгө алып турат. Кабинеттерде өрт коопсуздугу боюнча эвакуациялык пландары, коопсуздук бурчтары уюштурулган. Санитардык нормага ылайык желдеткичтер менен жабдылган. Окуу корпустарынын абалы жакшы, күнүнө эки жолу техничкалар тарабынан нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп турат. Жылына бир жолу ремонттолуп, сырдалат. Окуу жайдын корпустары өрткө каршы керектүү жабдуулар менен жабдылган жана өрт чыгып кетүү коркунучунда кошумча чыгуу эшиктер менен жабдылган. Эпидемиологиялык эрежелерди аткаруу боюнча ар бир окуу классында антисептиктер ракавиналар жана бут сүртүүчү антибактериалдык килемчелер орнотулган. Ар бир өндүрүштүк окутуунун алдында бардык билим берүү процессинин катышуучуларына (мугалим, окуучу, техкызматкерлерге) техникалык коопсуздук боюнча инструктаж өткөрүлүп турат. Эмгекти коргоо багытында ар бир кызматкер менен келишим түзүлүп укук, милдеттери көрсөтүлөт.

Антитеррордук паспорт

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/16759962494041.jpg

Тех паспорт

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/teh.pasport1.pdf

Өрт коопсуздугу боюнча жобо

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/-rt-koopsuzdugu-zh-n-nd-zhobo.docx.pdf

Коопсуздук эмгектин корголушу жөнүндө буйруктар

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/emgekti-korgoo-koopsuzduk-erezhelerin-saktoo-boyuncha-buyruktar.pdf

 

4.3Материалдык-техникалык базаны жана маалымат ресурстарын жакшыртуу боюнча иш-чараларды чогултуу, баалоо, талдоо жана пландаштыруу механизминин болушуМТБны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планы бар. МТБ үзгүлтүксүз көзөмөлгө алынат. жайлардын абалын текшерүү жана талдоо. Бюджет түзүлүп, инвентаризация жүргүзүлөт. Ар бир кеңседе кызматтык паспорт бар. Кабинетти жакшыртуу боюнча бардык иштер ата-энелер менен биргеликте талкууланат. Бардык келип түшкөн мүлк мектептин балансына коюлат.. МТБны жакшыртуу боюнча отчеттор ата-энелер чогулуштарында угулат.МТ план

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/mekteptin-matrialdyk-tehnikalyk-bazasyn-chy-doo.pdf

МТБ жүргүзүлгөн иштер

https://zhumabaev.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/902/2023/02/mekteptin-matrialdyk-tehnikalyk-bazasyn-chy-doo.pdf

 

 

Күчтүү жактары: Жергиликтүү бийликтин, ЧТББнын көмөгү менен учурдагы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, эмеректер жарым жартылай жаңыланууда. МТБны жакшыртуу планы аткарылып жатат.
Алсыз жактары: Мектеп көйгөйлөрүн чечүүгө бардык эле ата-энелер тартыла бербейт. Жаңы компьютер, интерактивдүү доска жабдуулары, проекторлор жетишсиз.
Сунуштар: Мектепте  лабораториялык кабинеттерин ачуу, жаңы заманбап жабдуулар менен жаңылоо.

2.Корутунду

Ү.Жумабаев атындагы Кара-Дөбө орто мектебинин окууту процессиндеги билим берүү программаларынын жана окуу-методикалык каражаттар менен камсыздалышынын билим берүү стандартынын талаптарына ылайык келүүсүн, компетенттүү  окутууну ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин туура,айкын -ачык баалоо, кадр саясатынын эффективдүүлүгүн  жакшыртууга карата жүргүзүлгөн иштерин, материалдык-техникалык базаны чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүн жана өзүн-өзү баалоо отчетун карап чыгып,комиссия төмөнкүдөй жыйынтыкка келди:

Мектептин өзүн-өзү баалоосунун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органга программалык аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.

Комиссиянын төрайымы:____________Абсаматова Н.А. -мектеп директору

Комиссиянын мүчөлөрү:____________Самарбек к А. –ОТИ боюнча орун басары

____________Аманбаева А.А.- директордун тарбия иштери боюнча орун басары

____________Асанбай к П.- соц.педагог

____________Мусаева С.А.- математика мугалими