Усупбекова Шамшыкуль Усенкуловна

ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ МУГАЛИМИ

Усупбекова Ш.У.  1964-жылы 27-феральда Чүй облустунун Чүй районундагы Кара-Дөбө айылында туулган.1981-жылы Искра орто мектебин аяктап ,1982-жылы Педагогический институт русского языка  и литературы(ПИРЯЛ) окуу жайына тапшырып 1988-жылы аяктаган.Орус тили жана адабияты мугалими адисине ээ болгон.

Эмгек жолу:  

1981-1986- жылдары Кара-Дөбө айлындагы бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенген;

1986-1989- жылдары Кош-Коргон орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими;

1989-1991-жылдары Кош-Коргон айылында бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген;

1992-жылдан баштап Ү.Жумабаев атындагы Кара -Дөбө орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенүүдө.

Окуучулар менен иштөөдө көйгөйүм:«Окуучулардын орус тилин өнүктүрүү жана жаны интерактивдүү методдору менен иштөө»

Сыйлыктары;

Ү.Жумабаев атындагы Кара-Дөбө орто мектебинин «Ардак грамотасы» 2006-жылы; 2009-жылы; 2010-жылы; 2012-жылы;

Чүй райондук Билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы» 2011-жылы;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин»Ардак грамотасы» 2016-жылы;

Чүй райондук Искра айыл өкмөтүнүн «Ардак грамотасы» 2021-жылы;

Чүй районунун Искра айылдык Кеңешинин «Ардак грамотасы» 2022-жылы;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги И.Арабаев атындагы кыргыз мамалекеттик университетинин ректорунан «Ыраазычылык кат» 2017- жылы;

Кыргыз Республикасынын «Эне даңкы» ордени  2017-жылы;

Жетишкендиктери: 

1999-жылы  9-класстын окуучусу Имангазиева Мээрим   орус тили жана адабияты сабагынан райондук олимпиадада 2-орун.