Стамкулова Г.К. 1981-жылдын 9-июнунда Нарын облусуна караштуу Тогуз -Торо районундагы Казарман айылында төрөлгөн. 1988-жылы Казарман айылындагы Казарман орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 6-классты бүтүргөн. 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунудагы Дөдөмөл айылындагы М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине кирип, 11-классты бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз Билим берүү академиясынын «Даярдоо жана кайра даярдоо » факультетине тапшырып, 2012-жылы башталгыч класстын мугалими адистигине ээ болду.
Эмгек жолу:
2006-жылдан баштап Ү.Жумабаев атындагы Кара-Дөбө орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенүүдө.
Окуучулар менен иштөөдө көйгөйүм:» Окуучуларды окуутуда билим сапатын көтөрүү жана тарбиялоодо адамдык жана жекече сапатын көтөрүүгө жетишүү.Логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүп сезгичтикке тарбиялоо»
Сыйлыктары:
Чүй райондук Билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы» 2011-жылы;
Чүй райондук Билим берүү бөлүмү тарабынын уюштурулган «Жыл -мугалими» 2013-ж кароо сынагынын «Ардак грамотасы»,
«2016-жылдын мыкты мугалими» кароо сынагында 3-орунга жетишкендиги үчүн «Ардак грамотасы».
Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы 2017-жылы;
Чүй районунун Искра айыл өкмөтүнүн «Ардак грамотасы» 2011-жылы; 2021-жылы; 2022-жылы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы» 2022-жыл ж.б бир нече мектеп ардак грамоталары.
Жетишкендиктери:
«Ынтызар » 4-класстын окуучусу Эркинбекова Амина кыргыз тил сабагы боюнча 2-орун 2019-жыл.
«Ынтызар» 3-класстын окуучусу Моңолдорова Карима кыргыз тил сабагы боюнча 3-орун 2022-жыл.