Мусаева Салыйман Асаналыевна

математика мугалими

Мусаева С. А  1963-жылдын 29-апрелинде  Ысык -Көл облусундагы  Ысык- Көл районуна караштуу Темировка айылында туулган.1980-жылы Темировка №2 орто мектебин бүтүргөн. 1981-жылы Кыргыз Мамлекеттик  Университетинин механика-математика факультетине тапшырып,1986-жылы  математик  окутуучу деген  квалификациясына ээ  болгон.

Эмгек жолу: 

1986-1992-жылдары Кемин районуна караштуу Чым-Коргон орто мектебинде математика мугалими;

1992 -жылдан баштап Чүй районуна караштуу  Ү.Жумабаев атындагы Кара-Дөбө орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенүүдө.

1998-2007 -жылдары  Ү. Жумабаев атындагы Кара-Дөбө орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

 

Окуучулар менен иштөөдө көйгөйүм:» Окуучуларга сабак берүүдө интерактивдүү методдорду колдонуу менен математикалык тилде туура, так аткарууга үйрөтүү менен Мекенди сүйүүгө тарбиялоо.»

Сыйлыктары:

Чүй районунун Билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы» 2005-жыл;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы» 2008-жыл;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү  «Отличниги»  төш белгиси 2010-жыл;

Чүй районунун Искра айыл өкмөтүнүн «Ардак грамотасы» 2013жыл; 2021-жыл ж.б мектептин ардак грамоталары.

Жетишкендиктер: 

2014-жылы  Чүй районундагы райондук олимпиадада математика сабагы боюнча 3-орун;

2010-жылы Чүй районундагы райондук олимпиадада математика сабагы боюнча 2-орун.