Кыргыз тили жана адабият декадасы.
Ү.Жумабаев атындагы Кара-Дөбө орто мектебинин кыргыз тили , адабиятынын декадасы жана бир айлыгынын жүрүшү болуп өттү. Кыргыз тилинин бир айлыгы 12-сентябрдан, 15-октябрга чейин пландын негизинде мектеп ичинде өтүлдү. План боюнча бардык класс жетекчилер жана кыргыз тилчи мугалимдер 23-сентябрь кунү кыргыз тилине арналган ачык тарбиялык сааттарды өтүштү. Декаданын жүрүшүндө ар бир класс дубал газеталарын, сүрөттөрүн, дил баян, эссе жазып чыгарышты, мындан сырткары корөм окуу, Манас айтуу конкурстары , улуттук каада-салттар , улуттук кийимдер көргөзмөсү уюштурулуп бардык класстар активдүү катышышты. 15-октябрда мектептин жалпы линейкасында жыйынтыкталды.
Комментарии