Мусаева С. А 1963-жылдын 29-апрелинде Ысык -Көл облусундагы Ысык- Көл районуна караштуу Темировка айылында туулган.1980-жылы Темировка №2 орто мектебин бүтүргөн. 1981-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин механика-математика факультетине тапшырып,1986-жылы математик окутуучу деген квалификациясына ээ болгон.
Эмгек жолу:
1986-1992-жылдары Кемин районуна караштуу Чым-Коргон орто мектебинде математика мугалими;
1992 -жылдан баштап Чүй районуна караштуу Ү.Жумабаев атындагы Кара-Дөбө орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенүүдө.
Окуучулар менен иштөөдө көйгөйүм:» Окуучуларга сабак берүүдө интерактивдүү методдорду колдонуу менен математикалык тилде туура, так аткарууга үйрөтүү менен Мекенди сүйүүгө тарбиялоо.»
Сыйлыктары:
Чүй районунун Билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы» 2005-жыл;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы» 2008-жыл;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү «Отличниги» төш белгиси 2010-жыл;
Чүй районунун Искра айыл өкмөтүнүн «Ардак грамотасы» 2013жыл; 2021-жыл ж.б мектептин ардак грамоталары.
Жетишкендиктер:
2014-жылы Чүй районундагы райондук олимпиадада математика сабагы боюнча 3-орун;
2010-жылы Чүй районундагы райондук олимпиадада математика сабагы боюнча 2-орун.